Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине колдоо иретинде 10млн.сомдон акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнүп берилди. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Жусупжановдун маалыматына караганда бул каражат өлкө башчысынын үстүбүздөгү жылдын 3-апрелиндеги жарлыгынын негизинде бөлүндү.

Улукбек Жусупжанов-Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
“Каражат эсепке келип түштү. Аны кеңештин депутаттары менен биргеликте кеңешип, айылга таш майдалоочу шайман (дробилка) сатып алууну пландап жатабыз. Жакынкы аралыкта тендер жарыялайбыз. Мындан сырткары облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна дагы 8млн сомго долбоор жазып жатабыз. Анткени шаймандын өзү эле 10млн сом турат экен. Эгер бул ишке ашып калса саатына 50тн сууга жуулган таза курулуш материалын чыгарылат. Бул эл үчүн пайдалуу болот” деди.
Барчын Мамытбекова