Ак-Талаа районундагы К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Айтматов балдар дүйнөсүндө” аттуу театралдык фестиваль-сынагынын райондук туру өткөрүлгөн. Аталган фестивалга райондогу мектептерден 13 жана балдар билим берүү борборунан бир топ катышып, Эргеш Мейманов атындагы орто мектеби биринчи орунга татыктуу болушкан. Алар театр-фестивалдын облустук туруна катышып, алдыңкы орунду камсыздап, республикалык турга жолдомо алышты.

Э.Мейманов атындагы орто мектебинин окуучулары

Балдар билим берүү борборунун диркктору Айнура Баязованын маалыматына караганда театрфестивалга дээрлик бардык командалар мыкты даярдыкта келишкен.

Залкар жазуучунун ар кыл чыгармаларын сахналаштырышты

“Алар Ч.Айтматовдун “Бетме-бет”, “Маңкурт”, “Эрте келген турналар”, “Биринчи мугалим” ж.б чыгармаларын аткарып беришти. Ал эми 1-орунду алган Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинин командасы “Ак кеме” повестин чеберчилик менен аткарышкан. Ийгиликтери кут болсун” деди.
Окуучулар арасында өтүлүп жаткан фестиваль адамзаттын рухий дөөлоттөрдү жараткан жаратмандыгын даңазалоо, окуучулардын маданий-эстетикалык табитин өстүрүү, китеп окууга кызыктыруу максатында “Кыргыз тили жана Ч.Айтматов” аталышындагы үч айлыгынын алкагыда уюштурулду.
Барчын Мамытбекова