“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ойлонбой жасаган кадамдын кесепети оор

28 Ноябрь 2023 жыл 0:30
Көрүүлөрдүн саны: 87

Ак-Талаа районундагы Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүндө өспүрүмдөр арасында зордук -зомбулукту алдын-алуу жана болтурбоо максатында иш-чара болуп өттү. Ага райондогу орто мектептердин жогорку классынын окуучулары, ата-энелери, укук коргоо жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, мектеп жана мекеме жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чарага коомчулуктун окүлдөрү катышты


Президенттин Нарын облусундагы Ыйгары укуктуу өкүлүнүн башчысынын орун басары Нурбек Сатаров өз сөзүндө окуучуларды билимдүү болууга чакырды. “Укук коргоо органдарына ар бир катталган иштериңер жашооңордогу жолуңарды кыскартып отурат. Араңарда аскер кызматкери болом же башка кесиптин ээси болом дегендер бар. Ошондой максатыңар бар. Ойлонбой жасаган кадамыңардын кесепети эртең өзүңөргө болбосо дагы жакындарыңарга тиет, маалымат чогултулат. Ошол себептүү жакшы окугула, жакшы жүргүлө. Мен кичине кезде бир гана “Атаңа айтам” деген сөздөн коркчумун. Ата-эне, мугалим биригели дагы окуучуларга татыктуу тарбия берели. Алар эртеңки келечек, коомдун ээлери” деди ал. Мындан сырткары милициянын ага лейтенанты Эликбай кызы Мээрим райондогу өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук боюнча маалымат берди.

Ошондой эле коомдук уюмдардын, дин өкүлдөрү жана башка чыгып сүйлөгөн меймандар окуучуларды ынтымактуу болууга, билим алууга, жаман адаттардан алыс болууга чакырды.

Кенже Карагулова-акимдин орун басары(оңдо биринчи) Айнура Мундусбаева-Аялдар кеңшинин төрайымы (ортодо) Гулжан Турдумамбетова мадният бөлумүнүн башчысы

Абдиев Жайлообай- «Ак-Талаа-Эл коомунун» өкүлү

Зордук-зомбулукту чагылдырган спектакль тартууланды

Иш-чаранын соңунда маданият кызматкерлери балдар, ата-энелер арасындагы зордук-зомбулукту чагылдырган чакан спектакль тартуулашты.

Мээрим Тентиева

Нагима Кемелова