“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Балдар жазуучусунун 95 жылдыгы белгиленди

3 Декабрь 2023 жыл 22:54
Көрүүлөрдүн саны: 90

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде балдар жазуусу, коомдук ишмер, Андерсен атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси Ш.Бейшеналиевдин 95 жылдык мааракеси, ысымы берилгендигинин 25 жана имараттын пайдаланууга берилгендигинин 45 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленип, ага райондун акими Ж.Жапаров, “Ак-Талаа Эл коомунун” өкүлү Ж.Абдиев, акын Ө.Дөлөев, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы У.Жусупжанов, ата-энелер, ардагер мугалимдер,  мектептин мурдагы бүтүрүүчүлөрү, мектепти аяктаган мекеме жетекчилери, ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар жамааты катышты.

Салтанатка келген меймандар

Район жетекчиси Ж.Жапаров

РБББнүн башчысы К.Эсеналиев куттуктоо сөз сүйлөөдө

Акын Ө.Дөлөев

Мектептин бүтүрүүчүсү,  КРнын Эмгек сиңирген дарыгери Б.Исамамбетова жана А.Жолдубаев

Мектеп жамааты аталган салтанатка чоң даярдык көрүшүп, бир катар иш-чараларды уюштурушкан. Келген меймандар алгач эле жазуучу тууралуу жана анын чыгармаларынан турган көргөзмөгө күбө болушту. Ага улай эле жазуучунун каармандарына “жолугушту”. Ошол эле учурда чоң экрандан мектептин тарыхы, бүтүрүүчүлөр, мугалимдер, мектепти аяктаган коомдук жана маданият ишмерлери тууралуу видеобаян берилип жатса, окуучулар жазуучунун каармандарын сүрөткө түшүрүп жатышты.

Меймандар жазуучунун өмүр баяны, китептери менен таанышууда

Жазуучунун чыгармалары окуучулардын кыл калеминде

Жазуучунун каармандары

Салтанаттын расмий бөлүгүндө мектептин Гимнин бет ачары тартууланды. Окуучулар “Кычан” повестин орус жана кыргыз тилдеринде сахналаштырып коюп беришти. Келген меймандар куттуктоо сөз сүйлөшүп, мектептин жетишкендиктерин баса белгилешти. Салтанаттын жүрүшүндө чай үстүндө баарлашуу болуп, меймандарга мектептин юбилейлик календары таратылды.

Сүрөт тартуу сынагынын жеңүүчүлрүнө грамота жана акчалай сыйлык тапшырылууда

Волейбол боюнча жеңүүчү болгон апалар

Гимндин сөзүн жазган Ш.Жанболотвго (солдо)ыразычылык кат жана акчалай сыйлык тапшырылды.

Мектептин Гимнинин музыкасын жазган Самат Саякбаевге (солдо)ыразычылык кат тапшырылды

Мындан сырткары спорттук мелдештердин жана китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Зарина Бейшеналиева