Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылында жаңы ФАП курулуп, ачылыш салтанаты болду. Ага район жетекчилиги жана айыл тургундары катышты.


Курулуш иштерине көмөктөшкөн тараптарга ыразычылык билдирилди

ФАПтын курулушун “Аль-Рашид коомдук фондусу каржылап, “Ашар Эл Курулуш” коомдук фондусу тарабынан 1 млн 700 миң сомго курулуп, бүткөрүлдү. Аталган айылда буга чейин Кызыл Ай коому менен бирге курулган чакан бөлмөнүн бир тарабы ФАП, экинчи тарабы китепкана катары колдонулуп келген болчу. Салтанатта айыл тургундары жакшы саамалыкка кубангандыктарын билдиришти. Соңунда курулуш иштерине көмөктөшкөн тараптарга ыразычылык билдирилди.
Мээрим Тентиева