Ак-Талаа районунун бардык айыл өкмөттөрүндө USAIDдин «Ийгиликтүү аймак-2» долбоорунун колдоосу менен зордук зомбулукка каршы иш чапалар өткөрүлдү.

Окуучулардын сынакка тарткан сүрөттөрү

Жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды
Ал иш чаралар гендердик зомбулукту болтурбоо боюнча ар түрдүү ураандар алдында уюштурулуп,» Таланттар сынагы» өттү. Анын алкагында алгач жер-жерлерде сынактын шарты боюнча тандоо турлары өткөн. Аталган сынактын жыйынтыктоо туру К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө өттү.
Долбоордун атайын өкүлү Табылды Байбагышовдун айтымында иш чаранын максаты- үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, жаштар арасында позитивдүү коммуникациялык баарлашууну өнүктүрүү, адам укуктарын урматтоо, зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алуу боюнча күч-аракеттерин активдештирүү болуп саналат.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2″долбоору тарабынан белектер тапшырылды.
Барчын Мамытбекова