“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жол кырсыктары көп катталган айылдын жолу жарыктандырылды

19 Декабрь 2023 жыл 18:11
Көрүүлөрдүн саны: 128

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылынын борбордук көчөсү толугу менен жарыктандырылды.

Окуучулар үчүн караңгыда кооптуулук жаратып келген

Буга айыл өкмөтү тарабынан тендер жарыяланып, жергиликтүү бюджеттен 796 250 сомго жарыктандырууга керектүү материалдар алынып келинген. Андан сырткары айыл өкмөтү тарабынан курулуш материалдары (грунтовка, сыр, цемент, шагыл, фото реле, эсептегич ж.б) зарыл материалдар алынып, жалпы баасы дээрлик 900 000 сомго 3.3 чакырым аралыкка 86 даана асма чырак коюлду.

Айылдын ортосунан өтүүчү унаа өтүүчү мамлекеттик жол

Ак-Тал айылынын башчысы Дастан Иманбековдун айтымында айылды аралап өткөн Нарын-Баетов жолу мамлекеттик макамдагы жол болгондуктан, авто унаалар көп өтүп, адам өмүрүн алган бир нече жол кырсыктары катталган. Жолго жөө адамдар үчүн өтмөк курууга да болбойт экен. Азыр айылдагы мектептин курулушу бүтө элек болгондугуна байланыштуу жеке үйлөрдө окуган экинчи смендин окуучулары кеч тарашат. Алардын караңгыда тараганы аз келгенсип кан жолдо үйлөрүнө кетиши кооптуу болчу. Азыр эми буюрса кечкисин айыл тургундарынын, өзгөчө окуучулардын коопсуз жолдо жүрүүсүнө шарт түзүлдү. Андан сырткары, мал уурулук сыяктуу аркандай кылмыштарды кылууга бөгөт коюлду деп ишенебиз»- дейт ал.

Асма чырактар үчүн мамыларды айыл жаштары жасашты

Асма чырактары үчүн мамыларды айыл жаштары жана тургундары тарабынан ширетилип, жасалды..

Барчын Мамытбекова