“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаада балдар арналган балаты майрамы болду

27 Декабрь 2023 жыл 15:47
Көрүүлөрдүн саны: 102

Ак-Талаа районунда Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүндө балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы белгиленип 230 балага белек тапшырылды. Майрамдык салтанатка президенттин Нарын облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана район акими Жумадилла Жапаров катышып, майрамдык салтанатка чакырылган балдарга жаңы жылдык куттуктоолорун жолдошту. Ошондой эле балдарга маданият үйүнүн өнөрпоздору, Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектеби жана балдар билим берүү борборунун өнөрпоздору тарабынан концерт тартууланды.

Балдар Аяз Ата жана Аяз кыз менен

Облус жетекчиси А.Эргешов балдарга блек тапшырууда

Балдарга белек тапшыруу учуру

Балдарга концерттик программа тартууланды

Салтанаттуу кеченин жүрүшүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жетим балдар, социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары, ар кандай олимпиадаларда, мелдештерде ийгилик жараткан жана мыкты окуган окуучуларга президенттин Нарын облустагы өкүлүнүн жана акимдин жаңы жылдык белектери тапшырылды. Тактап айтканда, 90 балага акимдин, 140 балага облус өкүлүнүн белектери берилди.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыков тарабынан 365 балага жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Барчын Мамытбекова