“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Өрттү алдын алуу эрежелерин билүү зарыл

21 Январь 2024 жыл 20:31
Көрүүлөрдүн саны: 83

Өрт тилсиз жоо, ал өзү менен бирге бир катар чыгымдарды алып келери маалым. Кээде өрт адам өлүмү менен да орду толгус жоготууга алып келет. Ак-Талаа районунда 2022-жылга салыштырмалуу өрттүн саны 10го өскөн. Тактап айтканда 2023-жылы 10го көп эсе өрт катталган.

Өрттөрдү азайтуу жана адам өлүмүнө жол бербөө максатында чарба
объектилеринде, мектеп жана бала бакчаларда, мекеме ишканаларда өрткө каршы
мазмундагы лекциялар, инструктаждар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жаш өспүрүмдөр арасында өрт коопсуздугу боюнча түшүнүктөрүн калыптандыруу боюнча мектеп окуучуларына 3 жолу ачык эшик күндөрү уюштурулуп, 3 жолу сүрөт сынактары өткөрүлгөн.

Кененирек:

Барчын Мамытбекова