Ак-Талаа районундагы 18 орто мектептин бүтүрүүчү класстарынын 18 окуучусу акталаалык демөөрчү жана демилгечи айымдардын колдоосу менен Нарын шаарындагы билим жана инновация борборунда жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо курсунда акысыз окуп жатышат.

Окуучулар даярдоо курсунда

Билим берүүгө салган инвестиция-келечекке салынган инвестиция


Наргиза Ибраимова-фонддун өкүлү
“Ак-Талаа айымдары” коомдук фондусунун өкүлү Наргиза Ибраимованын маалыматына караганда окутуу жакшы окуган, үлгүлүү, бирок ошол эле учурда аз камсыз үй-бүлөнүн балдарына колдоо көрсөтүү максатында уюштурулуп, фонд тарабынан каржыланды. “Билимге салынган инвестиция- келечекке салынган инвестиция дейт эмеспи. Бул жолу мектеп окуучуларын, билимди колдоону чечтик. Ар бир окуучу үчүн 4миң сомдон төлөндү. Жатакана, жол кире акысын өздөрүнүн эсебинен. Буюрса фонддун атынан дагы бир катар иш-чараларды уюштурууга белсенип жатабыз. Ал эми мүчө болом, кайрымдуулук иштерине көмөк көрсөтөм деген айымдар үчүн эшигик ачык” деди ал.
Эске салсак, аталган фонд былтыр түзүлүп, райондо бир катар иш-чараларды өткөрүүгө, демөөрчүлүк кылууга жетишкен.
Барчын Мамытбекова