Ак-Талаада 2 күнгө созулган мектеп окуучуларынын республикалык II баскычы аяктады. Ага райондун аймагындагы 18 орто мектептен 400дөн ашык окуучу катышты.

Тактап айтканда, олимпиаданын II (райондук) этабы 10 предмет боюнча өткөрүлдү. Жыйынтыгында 1-орунду Э.Мейманов атындагы орто мектеби жеңип алса, Э.Карасартов атындагы орто мектеби 2-орунга чыкты. Ал эми 3-орунду Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектеби камсыз кылды.

Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу убагы

Ошондой эле орус тилдүү мектептер боюнча Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары 5 алдыңкы орунду жеңип алып, биринчиге чыкса, Э.Карасартов мектеби 2-орунга ээ болду. Мындан сырткары эч кандай ийгилик көрсөтө албаган да мектептер болду.
Райондук олимпиадада алдыңкы орун алган окуучуларга областык баскычына катышууга жолдомо берилди. Атап айтканда, 2 Э. Мейманов жана Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектептеринен 6дан 12, Э.Карасартов мектебинин 4, Байымбет, Календеров, Балбаков атындагы мектептерден 2ден 6, ал эми М.Баетов атындагы орто мектебинен 1 окуучу, жалпы 25 окуучу райондун намысы үчүн ат салышат.
Барчын Мамытбекова