Ак-Талаа районунун Кадыралы айылында айыл өкмөттүн мурдагы имараты бала бакчанын кошумча корпусу катары пайдаланууга берилди.
Бүгүн анын ачылыш аземине айыл тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, кызыл тасмасы кесилди.

Бала бакчанын кызыл тасмасы кесилди


Ачылыш аземге айыл тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөррү катышты
Тоголок Молдо айыл аймагынын өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин маалыматына караганда аталган имарат айыл тургундарынын суроо-талабы менен бала бакчага берилди. Ал эми ал жердеги аппарат кызматкерлери башка имаратка көчүрүлдү.

Кичинекей бөбөктөр өнөрлөрүн тартуулашты

“Айыл өкмөтү тарабынан оңдоп-түзөө үчүн материалдар алынып берилип, бала бакчанын кызматкерлери бала бакчага ылайыктап жасалгалап чыгышты” дейт.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев аталган айылда бала бакчага баруу үчүн электрондук кезекте 40 бөбөк бар экенин белгилеп, учурда анын 22 кабыл алынганын кошумчалады. Мындан сырткары 10 кошумча кызмат орун түзүлгөнүн айтты.
Барчын Мамытбекова