“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаада «Нарын кышы» фестивалы өткөрүлдү

5 Февраль 2024 жыл 21:05
Көрүүлөрдүн саны: 63

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагындагы Ак-Тал айылында хоккей оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Ал КРнын Президентинин Нарын облусунундагы ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн «Нарын кышы» фестивалынын алкагында уюштурулуп, жалпы 8 команда катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду «Ак-Тал-1»,  2-орунду «Баетов» жана  3-орунду «Ак-Тал 2» командалары жеңип алып,  грамота жана медалдар менен сыйланды.

Хоккей боюнча жеңүүчүлөргө медаль жана грамоталар тапшырылды


Ошондой эле КРнын министрлер кабинетинин «Гендердик теңчиликке жетүү» боюнча токтомун ишке ашыруу максатында кыз-келиндер арасында  коньки, лыжа тебүү жана чана менен жарышуу кышкы эстафеталык оюндары өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Кыз-келиндер арасындагы спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү

Атап айтканда, 1-орун «Кара-Ой», 2-орун «Куртка», 3-орун «Ак-Кыя» командалары шамдагайлыктарын көрсөтүп, алдыңкы орундарды камсыз кылышты.
Сектор башчы Мээрим Курманбек кызынын айтымында кышкы спортту өнүктүрүү, гендердик теңчиликке жетүү максатындагы  бул мелдештер  Тоголок Молдо айыл аймагы тарабынан уюштурулуп, Нарын облустук жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан каржыланды. Мындан сырткары айыл өкмөт тарабынан катышуучуларга ысык тамак уюштурулду.

Барчын Мамытбекова