Нуржан Садыриева учурда Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылында 3 чакырым жөө жол басып, фельдшер болуп эмгектенет. Нарын шаарында төрөлүп-өскөн каарманыбыз аталаган шаардагы медициналык окуу жайдан билим алып, фельдшердик кесипке ээ болгон. Күндүн кайсы маалы же жуманын кайсы күнү болбосун айылдаштарынан жардамын аябаган Нуржан айым калктын кадырлоосуна ээ болуп, жолдошу экөө беш баланы тарбиялап келет. Айтымында бул иште эмгектенип келе жатканына 30 жыл толду. “Илдет дем алыш же майрам күнгө карабайт да ошол себептүү дайыма жумуштабыз” деген Нуржан Сейдалиева түйшүктүү иши тууралуу айтып берди.



“Жолдошум алгач эрте кетип кеч келген, күн-түн бейтапка чуркаган ишиме көнбөй жүрдү. Азыр эми колдоп, түшүнүп турушат. Мени күтпөй эле оокаттарын жасай беришет. Азыр эмгек акыбыз дагы көтөрүлүп, жакшы эле болуп калды. Айылда дарыгер жок болгондуктан жумушубуз оор эле. Бейтаптарды көрүш дагы кээде кыйын. Анткени ооруп, жаны кейип турган адамдар ар кандай мамиле жасайт, бири терс мамиле кылса, бири жылуу мамиле жасайт. Ошонун баарыеа көнөбүз. Телефон дайыма жаныбызда, азыр эми сасык тумоонун дагы учуру. Үй-бүлөсү менен да ооруп калгандары болот. Кан басымын, дене табын өлчөп, кадимкидей эле көрсөтмө беребиз. Өзүмдүн бир уулум 1 топтогу майып. Анын атасы, үйдөгү балдар карашт. Ошондон уламбы бала ооруйбу же чон киши ооруйбу жан дилим менен барып, жардам бергенге аракет кылам” дейт.
Үч чакырым жөө басып ишке келем, кышында кеч калуу кооптуу
Айылдаштары медайымдын адамкерчиликтүү, бала кыял мүнөзүн, дайыма жардамга даяр турган сапатын баалашат. Жашаган жери айылдан 3 чакырым алыстыкта жайгашканына карбастан, эл үчүн кызмат кылып келет. Кээде жумуштан кийин да чакыруу болуп калганда кеч экенине карабай барууга туура келерин айтып, буларды кошумчалады:
“Кышында күн эрте баткандыктан кеч калуу коркунучтуу, анткени чөө, карышкырлар ушул мезгилде ууга чыгат. Чынында кооптуу, бирок чакырык болгондо ага карбай эле чуркайсың. Буга чейин андай учур кездешкен жок.
Мага көпчүлүк адамдар “сарайда кантип жашайсың, жумушка кантип барып келесиң” деп кызыгат. Мен жөө басканды жакшы көрөм, дем алыш күндөрү айылга бир маал тушкүм келет. Айыл менен сарайдын ортосу үч чакырым. Өзүмө билинбейт, көнүп калдым”
Кара-Көөдөн толготкон келин
Албетте милдет-адам өмүрүн сактоо эмеспи. Кош бойлуу аялдар Нарынга, же райондун борборуна жетпей жолдон эле төрөт кабыл алган учурларым көп болду.
“Бир ирет Казармандан келатып бир боюнда бар келин жолдон толготуп, бизге кайрылды. Ал келиндин биринчи төрөтү экен. Өзүнүн жериндеги дарыгери “бул жактан сени биз төрөтө албайбыз нарынга төрөйсүң” деп жиберген экен. Ошол кезде ичиндеги баласы айына жетелек 7 айлык экен, терапевт врачыбыз эле бар болчу, ошол экөөбүз төрөтүп алдык.
Бирок баласы аябай начар ыйлабай түштү , анан биз коркпой эле баланы далысына массаж жасап, жасалма дем алдырып жатып, баланы аман алып калдык.
Төрөгөн келин каны аз, өтө купкуу экен, эне-баланы тыңытып, ороп чулгап алып Нарын төрт үйүнө түнкү саат үчтө жеткирип келдик.
Айылдын жашоосу керемет
Сарайда бир аз мал, тоок индук магабыз. Жолдошума бош кезде чарбачылыгына, туутта жардам берем. Мал ооруса аны да дарылайм. Малдын арасында жүргөндү, канаттууларды бакканды жакшы көрөм. Айылда жашоо сонун, кызыктуу эрикпейсиң кечке- үйдө үйдүн, жумушта кесибиң менен алек болосуң. Жумуштан келгенде козу торпокторумду эркелетем, алар менен сүйлөшөм.
Барчын Мамытбекова