“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаа районунда Мамлекеттик Туу жана Ак калпак күнү белгиленди

4 Март 2024 жыл 22:38
Көрүүлөрдүн саны: 93

Бүгүн Ак-Талаа районунда 3-март Мамлекеттик Туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы жана  5-март  ак калпак күнүнө белгиленди.

Мамлекеттик Туу жана ак калпак жөө жүрүш менен даңазаланды

Тактап айтканда, салтанатуу иш-чара уюштурулуп,  райондук мекеме-ишкана кызматкерлери, окуучулар, мугалимдер Баетов айылынын көчөлөрүндө жөө жүрүш менен
мамлекеттик Тууну жана Ак калпакты даңазалашты.

Салтанаттуу иш-чара мадаият үйүндө уланды


Андан соң, иш-чара маданият үйүндө уланып, калпактын тарыхы жөнүндө маалымат берилип, патриоттук ырлар жаңырды.
Жөө жүрүш учурунда Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан коомдук коопсуздуктары көзөмөлгө алынды.

Зарина Бейшеналиева