“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ишмердүүлүгү боюнча сүрөт сынагы жыйынтыкталды

6 Март 2024 жыл 22:27
Көрүүлөрдүн саны: 236

Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан мектеп  окуучулары арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүн өсүп келе жаткан муунга таанытуу максатында жарыялаган  сүрөт сынагынын  жеңүүчүлөрү аныкталды.

Аталган сынакка Э.Карасартов атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучулары катышып, эмгектерди атайын түзүлөн комиссия курамы карап чыкты.

Ак-Талаа району боюнча озгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн  Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн офицери Руслан Токтобековдун  маалыматына караганда  окуучуларга өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ишмердүүлүгүн чагылдыруу тапшырмасы берилген жана бир нече эмгектер келип түшкөн. Ошондой эле ал мындай сынактар жылына 2-3 ирет өткөрүлөрүн кошумчалады.

Айнуру Токтоболотова 5а-кл.окуучусу

Маржан Дүйшөналиева 5г-кл.окуучусу, жеңүүчү

Айпери Турусбекова 5г-кл окуучусу

Жыйынтыгында  «мыкты» деп табылган сүрөт ээлерине баалуу белектер тапшырылды.

Барчын Мамытбекова