“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада Нооруз майрамына карата даярдык башталды

19 Март 2024 жыл 21:21
Көрүүлөрдүн саны: 101

Быйыл Ак-Талаа районунда улустун улуу күнү Нооруз майрамы зор салтанат менен белгиленүү алдында турат. Бул үчүн даярдыктар башталды.

Тактап айтканда, «Арыба, кыргызымдын нарктуулугу» аттуу маданий  салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бүгүн райондун борбору Баетов айылындагы «Жеңиш» сейил багында   боз үйлөр тигилди.

Сейил бакка боз уйлөр тигилди

Майрамга 7 боз үй тигилди

Концерт өтүүчү сахна даярдалууда

Боз уйдун көз жоосун алган эмеректери

Майрамдык салтанатта боз үй, сүмөлөк сынактары жана бозо фестивалы өтөт.

Мындан сырткары спорттук оюндар боюнча мелдештер, уюштурулат. Мелдештерге жана сынактарга акчалай байгелер берилет. Ошондой эле майрамда Ак-Талаа районунан чыккан 60 ырчынын чон программадагы концерти тартууланат.

Барчын Мамытбекова