“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада “Нооруз” майрамы чон салтанат менен белгиленди

22 Март 2024 жыл 21:59
Көрүүлөрдүн саны: 169

Ак-Талаа районунда 21-март Нооруз майрамы зор салтанат менен белгиленип, анын жүрүшүндө бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Атап айтканда, улуттук тамак-аштын, нандын, суусундуктун түрлөрү, боз үй, кыргыздын кол өнөрчүлүккө байланыштуу буюм-тайымдары көргөзмөгө коюлду.

Эт азыктары

Сүттөн жасалган даамдар жана суусундуктар

Нандын түрлөрү

Кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү


Алгач майрамдык салтанат өтүүчү “Жеңиш” сейил багындагы атайын жасалган сахнада акталаалык театр жана кино артисттери тарабынан даярдалган театрлаштырылган программа көрсөтүлдү.  Андан соң “Ак-Талаа таланаттары” коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн концерттик программасы тартууланды. Жүрүшүндө маданият тармагында эмгектенген кызматкерлерге, волейбол, футбол мелдешинин жеңүүчүлөрүнө ж.б сынактар боюнча байгелери тапшырылды.