Ак-Талаа районунда «Жоокер ыры» аскердик-атуулдук ырлардын мыкты аткаруу боюнча кароо-сынак өттү. Райондук билим берүү борборунун директору Айнура Баязованын маалыматына караганда сынак жобого ылайык 3 номинацияда:
1.Согуш жылдарындагы ырларды аткаруу;
2. Патпиоттук ырларды аткаруу;
3. Көркөм окуу-постановка коюу тапшырмалары боюнча өткөрүлдү.

Т.Үмөталиев «Кубат» поэмасынан үзүндү

Сынак 3 номинацияда өттү

Медер Таштанбеков 3-орунду камсыз кылды

Сынакка 44 окуучу катышты

Аталган сынак КРнын Президентинин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына ылайык мектеп оүуучулары арасында уюштурулду.
Кароо-сынактын жүрүшүндө калыстар курамы ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташты.
Согуш жылдарындагы ырларды аткаруу номинациясы боюнча
1-орун Ш.Бейшеналиев атындагы и.о.м.окуучусу Нурзамат Муктаров
2-орун Б.Календеров а.о.м окуучусу Айжигит Чороев жана М.Баетов а.о.м окуучусу Жазайым Асанова
3-орун Н.Жыргалбекова а.о.м.Сезим Карбозова жана окуучусу А Абдраимов а.о.м.окуучусу Алеля Бакытбековаларна ыйгарылды.
Ал эми 2-номинация боюнча
1-орунга А.Турдакунов а.о.м.окуучусу Алтынай Жаныбекова
2-орунга А Абдраимов а.о.м окуучусу Элнурбек Ашымов жана Э.Карасартов а.о.м.окуучусу Калмырза Бекжанов
3-орунга Ш.Бейшеналиев а.о.м окуучусу Медер Таштанбеков жана
Ж.Сатылганов а.о м окуучусу Баэл Ажыбеков татыктуу деп табылды.
Көркөм окуу номинациясы боюнча
1-орунду А.Абдраимов а.о.м окуучусу Айдана Жумгалбекова
2-орунду Э.Мейманов а.о.м окуучучу Мунара Кенжебекова жана Н.Жыргалбекова а.о.м. окуучусу Калипа Нейманбекова;
3-орунду М.Баетов а.о.м.окуучусу Жазайым Асанова жана Б.Мүсүралиева а.о.м окуучусу Улук Каныбек уулу жеңип алышты. Жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылды.
Ар бир номинация боюнча 1-орунду камсыз кылган катышуучулар сынактын облустук туруна катышат.
Барчын Мамытбекова