Адам баласы эч качан убакытты артка кайтара албайт, бирок мезгилдин күбөсү катары дүйнө жүзү боюнча бийик турган эстеликтерге саякат кылуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул улуу эстеликтер жана археологиялык эстеликтер бизге өткөн даңктуу доорлор жөнүндө түшүнүк берет.
18-апрель дал ушул эстеликтердин жана тарыхый жайлардын Эл аралык күнү жана ал дүйнөдөгү дээрлик бардык өлкөлөрдө белгиленет. Негизги максаты- дүйнөлүк маданий мурастарды коргоого жана сактоого коомчулуктун көңүлүн буруу болуп эсептелет. Бул майрам 1982-жылы ЮНЕСКОнун колдоосу менен түзүлгөндүктөн Дүйнөлүк мурастар күнү деп дагы аталып жүрөт.
Аталган майрамга карата районубуздагы айрым тарыхый эстеликтер тууралуу айтып берели:
Ак-Талаа району тарыхый эстеликтерге бай. Алардын катарына б.з.ч. коргондор тобу, «Шырдакбектин чеби» «Чолок —Коргон»,«Куртка чеби» , «Тайлак баатырдын күмбөзү», «Арап өлгөн» бели, Тоголок молдонун мектеби жана XVI-IX кылымдарга таандык болгон күмбөздөрүнүн топтому кирет. Соң -Көлдөгү тарыхый эстеликтер — «Манастын таштулгасы», «Ак-куланын мамысы».

Шырдакбектин коргону 10 – 13-кылымга таандык. Аталышын 18-кылымдагы баатыр Шырдакбектин ысымы менен байланыштырышат. Бул чепти 1945-ж. А. Н. Бернштам изилдеп, отурукташкан үлгүдөгү бир нече турак-жай комплексинин орун алгандыгын аныктаган.


Тайлак баатырга жана анын бир тууганы Атантайга арналып, 19-кылымдын 1-жарымында тургузулган кош күмбөз.


Тоголок Молдонун медресеси Сүрөт: Бекжан Шыгаев

Соң-Көлдөгү тарыхый эстелик- Манастын Таш-Тулгасы. Таш-Тулга сегиз ташты биринчи изилдөөчү америкалык окумуштуу Рафаэль Пампелли болгон, ал 1903-жылы Соң-Көлгө барып, байыркы эстеликтин планын жана сыпаттамасын түзгөн. Сүрөт Н.Сулаймановдуку
Тарыхый эстелик жана тарыхый жайларды сактоо, алардын айланасын тазалап, көрктөндүрүп туруу жана кийинки муундарга мурас катары калтыруу ар бирибиздин атуулдук парзыбыз.
Барчын Мамытбеова