“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада «Мыкты мугалим-2024» жана «Мыкты тарбиячы-2024» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

2 Май 2024 жыл 9:44
Көрүүлөрдүн саны: 457

Ак-Талаа районунда мугалимдер жана тарбиячылар арасында «Мыкты мугалим-2024» жана «Мыкты тарбиячы-2024» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.

Сынактын жобосуна ылайык катышуучулар ачык сабактарды өтүү менен бирге сабак өтүүнүн заманбап ыкмалары боюнча мастер-класстарды өтүштү. Жыйынтыгында,

Н.Байшериев-баш байге ээси

— Баш байге- С.Атамбеков атындагы орто мектебинин биология мугалими Нурбек Байшериев

Ак-Талаа райондук мугалимдердин просоюз уюму тарабынын Ташкентке эс алууга жолдомо берилди.

Күмүшай Мамаева 1-орун

-1-орун Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин химия мугалими Күмүшай Мамаева- Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 10000 сом өлчөмдөгү акчалай сыйлыгы;

Каныкей Мукамбеткалый кызы 2-орун

2-орун-Э. Карасартов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Каныкей Муканбеткалый кызы-жеке ишкер, маданияттын мыкты кызматкери Жылдыз Коконбай тарабынан 7000 сом өлчөмдөгү акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Сайра Ашыркожоева 3-орун

3-орун- И. Молдобаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Сайра Ашыркожоева-Жылдыз Коконбай тарабынан 5000 сом өмлчөмдөгү акчалай сыйлык тапшырылды.
Ал эми бала бакчалар арасында-

Светлана Доктурбек кызы- баш байге ээси

Баш байге «Адис-Адилет»бала бакчасынын тарбиячысы Светлана Доктурбек кызы

Ак-Талаа райондук мугалимдердин просоюз уюму тарабынын Ташкентке эс алып келүүгө жолдомо берилди.

Айжамал Бусурманкул кызы 1-орун

1-орун- «Тынчтык» бала бакчасынын тарбиячысы Айжамал Бусурманкул кызы

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 10000 сом өмлчөмдөгү акчалай сыйлыгы;

Астра Эсеналиева 2-орун

2-орун «Келечек муун» бала бакчасынын тарбиячысы Астра Эсеналиева- Жеке ишкер  Жылдыз Коконбай тарабынан 7000 сом өлчөмдөгү акчалай сыйлыгы;

Жылдыз Муктарбек кызы 3-орун

3-орун  Кайбылда Касмалиев атындагы бала бакчасынын тарбиячысы Жылдыз Муктарбек кызы     Жылдыз Коконбай тарабынан 5000 сом өлчөмдөгү акчалай сыйлык тапшырылды.

Мыктылар сынагында  баш байгени алган Нурбек Байшериев жана Светлана Доктурбек кызына ЖКтин депутаты Мирлан Самыйкожо тарабынан Египетке эс алууга жолдомо берилди.

Ошондой эле жигердүү катышкан бир катар  мугалим жана тарбиячыларга Нарын облустук усулдук борборунун, кесиптик уюмдун  грамоталары тапшырылды.

Мындан сырткары ардагер педагог Малдыбаева Алый апа тарабынан сынакка катышкан бала бакча тарбиячыларына 5000, 3000, 1000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Алый Малдыбаева СССРдин Билим берүүсүнүн отличиниги Тарбиячыларга акчалай сыйлык тапшырууда

Аталган сыйлоо аземи билим берүү тармагындагы  «Билимдүүгө дүйнө жарык» деген аталыштагы  жыйынтыктоочу салтанаттуу иш-чаранын алкагында болду.  Атай кетсек, ага мугалимдер, окуучулар,  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, РБББнүн башчысы К.Эсеналиев, КРнын ЖКнин депутаты  Мирлан Самыйкожо, Кыргыз Эл акыны Азамат Болгонбаев жана демөөрчүлөр, ардагер мугалимдер катышты.

Барчын Мамытбекова