“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

6 Май 2024 жыл 20:26
Көрүүлөрдүн саны: 79

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы мечитке таза суу киргизилди.  «Баетов таза аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Медер Асаналы уулунун айтымында, айылдын чыгыш тарабындагы Ынакбеков көчөсүндө жаңы курулган мечитке таза суу киргизилди.

Таза суу үчүн керектүү материалдар Адылбек Бактыбеков тарабынан камсыз кылынган

Суу 250м жерден тартылып келинди

«Таза суу үчүн керектүү материалдар айыл тургуну Адылбек Бактыбеков тарабынан  алынып берилген жана күйүүчү май үчүн дагы камсыз кылынды. Муниципалдык ишкананын техникалары жана жумушчулары менен  жасалды. Жалпы 250метр жерден казылып, тартылып келинди» деди.

Мындан сырткары мечиттеги жамааттар дагы жардам беришкенин кошумчалады М.Асаналиев.    Барчын Мамытбекова