“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Нарындык Сыймык Садырбек уулу грепплинг боюнча Америкада чемпион болду

6 Май 2024 жыл 20:55
Көрүүлөрдүн саны: 92

Ак-Талаа районундагы  Чолок-Кайың айылынын балбаны Сыймык Садырбек уулу АКШ өлкөсүнүн Пенсильвания штатынын грэпплинг боюнча ачык чемпионатында Сыймык Садырбек уулу 87 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып, жыйынтыгында 1-орунду багындырып, аталган штаттын чемпиону болууга жетишти.

Сыймык Садырбек уулу

Аталган айылда грэпплинг боюнча зал ачып, машыктыруучу болуп келе жаткан Камчы Төлөпалды уулунун айтымында, мелдеш болуп өткөн.

«Сыймык Садырбек уулу мага 9-класста окуп жүргөн кезинде, зал ачылган кезде келген.  Ошондон бери машыгып, бир топ ийгиликтерди багындырып келди. Атап айтканда, ал 2022-жылдын Испания мамлекетинин Понтеведра шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде 5-орунду, 2024-жылдын февраль айында АКШнын Питтсбург шаарында өткөн чемпионатта PBJJF грепплинг боюнча 2-орунду, ушул эле жылдын 4-май күнү Пенсильвания штатынын Питтсбург шаарында өткөн NAGA грепплинг боюнча чемпионатта 1-орунду багындырды», — деди ал.

Эскерте кетсек, Сыймык Садырбек уулу буга чейин дагы АКШ да өткөн чемпионатта 2-орунду ээлеген.

Барчын Мамытекова