“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жыл жыйынтыгы менен алдыңкы мугалим жана окуучулар сыйланды

6 Май 2024 жыл 20:12
Көрүүлөрдүн саны: 91

Жыл сайын Ак-Талаа райондук билим берүү бөлумү тарабынан салтка айланган-агартуу айдыңындагы мыктыларды, алдынкы окуучу жана мугалимдерди, командаларды сыйлоо салтанаты уюуштурулат. Жакында дагы мына ушундай майрамык иш-чара уюштурулуп, анда быйылкы окуу жылы ичинде “Манас” айтуу , Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата, “XXI кылымдын интеллектуалдары” , “Атам, апам жана мен”, “Жоокер ыры” сынактары, спорттук иш чаралар, “Мектеп лигасы”, семинар- тренингдер жана жайлоо бала бакчаларындагы мыкты иштерге, ийгиликтерге, байгелүү орундарга ээ болгон окуучулар, окуучулар командаларына, окуткан, тренер мугалимдерге демөөрчүлөр, райондук БББү тарабынан сыйлыктар ыйнарылды.

Сынактыардын жеңүүчүлөрүнө Ак-Талаа айымдары» коомдук фондусунун өкүлдөрү сыйлык тапшырышты

Тактап айтканда, райондук билим берүү бөлүмүнүн «Ыраазычылык каты” жана «Ак-Талаа айымдары» коомдук фонду тарабынан акчалай сыйлык жана сертификат, агартуунун мыкты кызматкери, коомдук ишмер Ибраимов Азимжан атындагы стипендия тапшырылды.

Барчын Мамытбекова