Бүгүн Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде 1-4-класстын окуучулары үчүн атайын жаңы кичи спорт зал пайдаланууга берилди.

Алгач маркумдун арбагына багышталып куран окулду

Кызыл тасмасын кесүү аземи

Кичи спорт залга спорт жана маданият тармагын колдоодо чоң салымын аябаган, аталган мектептин мурдагы бүтүрүүчүсү, жеке ишкер Маметшерип уулу Таланттын ысымы ыйгарылды.
Алгач маркумдун арбагына багытшталып куран окулуп, андан сон кызыл тасмасы кесилди.

Кичи спорт залдын сырткы көрүнүшү


Спорт залдын курулушу 2,5 млн сомго бүтүп, ага Аалы Талант (Маметшерип уулу Таланттын уулу) өз үй-бүлөсүнүн атынан демөөрчү болгон.
Ачылыш аземинде мектептин дене тарбия мугалимдери жана кенже кызматкерлерге ыразычылык менен грамоталар жана Аалы Талант тарабынан акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Кичи спорт залдын курулушна көмөктөшкөн мугалимдерге сыйлык тапшырылууда. Динара Исамамбетова-РБББнүн башчысынын орун басары, Азамат Үмөтов-дене тарбия мугалими жана Аалы Талант(оңдо)


Кенже кызматкерлерге сыйлык тапшырылды

Ошондой эле мектеп жетекчилиги Бакытбек Маметшериповго жана Аалы Талантка ыразычылык статуэткасын тапшырды.


Кичи спорт залды куруп берген Аалы Талантка ыразычылык статуэтка тапшырууда
Мектеп директору Астра Токтогулованын айтымында башталгыч класстын окуучулары үчүн кыш мезгилинде дене тарбия сабагын спорт аянтчасына өтүү кыйынчылык жаратып келген. «Буюрса окуучуларыбыз үчүн жакшы шарт түзүлдү. Жаңы спорт залды көздүн карегиндей сактайбыз деп ишенем. Бул залдан келечектин мыкты спортчулары өсүп-чыксын. Окуучулардын билим алуусуна, мугалимдердин билим берүүсуно бардык шарттарды түзүү мамлекеттин гана эмес ар бир атуулдун, жарандын милдети экенин Аалы Талант иш жүзүндө айгинелей алды» деди.
Аталган спорт зал мектептин мурдагы от жагуучу имараты болгон. Ал бир нече жылдан бери каралбай, мал жайлоочу, кыштоочу, таштанды таштоочу жайга айланган.

Мектептин от жагуучу мурдагы эски имараты
«Айылдагы кароосуз калган, бош имараттарды калктын кызыкчылыгына пайдалануу, ондоп-түзөө тууралуу тиешелүү адамдардын кайрылуусу, сунушу жана колдоосу менен жаш жеткинчектер үчүн жакшы саамалык болду»- деди РБББнүн башчысынын орун басары Динара Исамамбетова.

Салтанаттын ачылыш аземине ардагер мугалимдер, мектеп жамааты, айыл аксакалдары, Талант Маметшерип уулунун бир туугандары, уулу Аалы Канат, замандаштары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Барчын Мамытбекова