“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жыйындар залына Маметшерип Жаңылышовдун ысымы берилди

11 Май 2024 жыл 7:41
Көрүүлөрдүн саны: 363

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин жыйындар залына Нарын облусунун жана Ак-Талаа районунун Ардактуу атуулу Маметшерип Жаңылышовдун ысымы берилип, ачылыш салтанаты болду. Ага агайдын туугандары, үй-бүлөсү, замандаштары, кесиптештери, ардагерлер, мугалимдер жамааты жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Маметшерип Жаңылышов-Нарын облсунун жана Ак-Талаа районунун Ардактуу атуулу

Маметшерип Жаңылышов атындагы жыйындар залы

Маметшерип Жаңылышов атындагы жыйындар залы

Салтанаттын жүрүшүндө меймандар куттуктоо сөздөрүн айтышып, агайдын жаркын элеси, адамкерчилиги тууралуу пикирлерин билдиришти. Бирге иштеген кесиптештери бардыгынан мурда тартипти жогору койгон, кесипкөй адам болгонун айтышса, айрымдары  сүйлөмдөгү чекитке да чоң маани берген да  өтө сабаттуу адам  эле деп баса белгилешти.

Жайлобай Абдиев-агайдын замандашы

Маметшерип Жаңылышовду замандаштары эскерди

Ал эми бир канча жыл жетекчи кызматта эмгектенген Анархан Таштанкулова «мага жол жол көрсөткөн, партиялык кызматта тарбиялаган, улуу кызындай кам көргөн адам эле»- деди.

 

 

Анархан Таштанкулова-атамдай кам көргөн киши эле деп эскерди

Маметшерип Жанылышовдун уулдары демөөрчү болушту Сүрөттө-Улук Маметшерип уулу

Небереси-Аалы Талант

Жыйындар залын оңдоп-түзөө үчүн Маметешерип Жаңылышовдун уул-кыздары 300миң сомго курулуш материалдары алынып келинип, мектептин дене тарбия мугалимдери жана кенже кызматкерлери кайрадан заманбап үлгүдө толук жасалгалап чыгышты. Аларга НАрын облустук усулдук борборунун, Баетов айыл өкмөтүнүн Ардак грамота жана ыразычылык каттары тапшырылды.

Эскерте кетсек: Маметщерип Жаңылышов  1938-жылы 10-мартта Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Билими жогорку, кесиби мугалим. Жанылышов Маметшерип орто мектепти бүткөндөн кийин, 1955-1958-ж.ж. Нарын шаарындагы М.Горький атындагы педагогикалык окуу жайынада, 1958-1963-ж.ж. жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинин математика бөлүмүндө окуган.
1963-1964-окуу жылында Ак-Талаа районунун « Жеңиш » сегиз жылдык мектебинде мугалим болуп иштеген, андан сон райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор, методикалык кабинеттин башчысы, Кыргызстан Компартиясынын Ак-Талаа райондук комитетинде инструктору, райкомдун пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
1990-1995-ж.ж. райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 1996-2004 жылдары Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясында башкы адис , акимдин жардамчысы болуп иштеген.
Жаңылышов Маметшерип  В.И Лениндин туулгандыгынын 100 жылдыгына карата юбилейлик медалы, « Эмгектин артыкчылыгы », «Эмгектин каармандыгы” , « Эмгектин ардагери » медалдары , Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары сыйланган. 1975-жылдан 1990-жылга чейин райкомдун мүчөсү, райкомдун бюро мүчөсү болгон. Эл депутаттарынын райондук Советинин депутаты болуп бир нече жолу шайланган. Нарын облусунун , Ак-Талаа районунун Ардактуу атуулу. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген ишмер , Өзгөчө эмгек сиңирген ардагери.

Барчын Мамытбекова