Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына кичи ГЭСтин курулушу башталды. Кечээ айыл аксакалдарынын батасы менен тендерди утуп алган » Бай Строй» жоопкерчилиги чектелген коому курулуш ишин баштады.

Кичи ГЭСтин курулушу айыл аксакалдарынын батасы менен башталды

Курулуш иштери үчүн техникалар даяр


Алмаз Абдылдаев айыл өкмөт башчысы(солдон экинчи)
Тоголок Молдо айыл аймагынын өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин маалыматына караганда кичи ГЭС буюрса саатына 1200КВт (1.2 МВт) энергия иштеп чыгат. «Тогуз-Булак» деген аталыштагы долбоордун жалпы наркы 1млн 200миң $ды (доллар) түзүп, Куртка суусунун башына курулат» деди.
Ошондой эле электр энергиясын сатуудан кошумча салык түшөрүн кошумчалады.
Быйыл толугу менен бүткөрүлүп, ишке берилери белгилүү болду.
Барчын Мамытбекова