“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада 10жылдык бүтүрүүчүлөр айылына 147миң сомдук белек тапшырышты

28 Май 2024 жыл 16:14
Көрүүлөрдүн саны: 102

Ак-Талаа районунун Жер-Тал айылдагы Итигул Молдобаев атындагы орто мектебинин 2014-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрү айылына боз үй (67миң сом), 250 литрлик эки тай казан (22миң сом), 80 литрлик титан самоор (11500миң сом) белек кылышты.

Бүтүрүүчүлөрдүн айылына белек кылган буюмдары

Ал эми өздөрү окуган мектепке 27 миң сомдук заманбап смарт коңгуроо жана 20миң сомго микроволновка сатып беришти.

Ата-энелерине Ташкентке жолдомо беришти

Окуткан мугалимдерине да ыразычылык билдиришип, ата-энелерине Ташкентке саякатка жолдомо тапшырышты.
Эске салсак, 2014-жылы аталган мектепти 14 окуучу аяктаган. Анын ичинен 6 бала айылга жалпы 147 миң 500 сомдук белек ыйгарышты.

Барчын Мамытбекова