“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Келечектеги мекен сакчылары 29-майдын баркын билүүсү зарыл

29 Май 2024 жыл 21:59
Көрүүлөрдүн саны: 115

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күнү катары 1992-жылдан бери белгиленип келет. Тактап айтканда, СССР деген зор держава кулап, курамындагы союздук республикалар тарагандан кийин Эгемен өлкөнүн Куралдуу Күчтөрү түзүлгөн.

КРнын Куралдуу Күчтөрү (Сүрөт интернеттен алынды)

Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин аскерге чейинки сабагы мугалими, подполковник Шаршенбек Мурзабековдун айтымында ошол күндөн баштап бардык аскердик бөлүктөр КРнын карамагына өтүп, мыйзамдуу кызмат кыла баштаган.

Шаршенбек Мурзабеков подполковник

«Быйыл 32 жыл болду. Мурда 23-февраль Советтик Армиянын жана Аскер деңиз флотунун күнү деп канына сиңип, майрам катары майрамдалчу. Азыр Ата Мекенди коргоо күнү катары белгиленип келе жатат. Куралдуу Күчтөрдүнүн курамындагы бардык аскер адамдары, күч түзүмдөрү мекенди, чек араны, өлкө тынчтыгын, коопсуздугун сактоо үчүн кызмат кылат. 29-май дагы элдин калың катмарына сиңип, келечек мекен сакчылары ушул күндүн баркын билишсе»- деди ал.

Барчын Мамытбекова