Ак-Талаа районунда 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Ак-Талаа айымдары” коомду фондусу тарабынан майрамдык салтанат уюштурулуп, ага жалгыз бой, көп балалуу жана социалдык жактан жардамга муктаж балдардын энелери катышты. Аларга концерт тартууланып, 120 энеге кийим-кечек таратылды.

«Ак-Талаа айымдары» коомдук фондусунун айымдары

Майрамда энелерге ыр арналды

Майрамга 18 айылдан келген энелер



Аталган фонддун негиздөөчүлөрүнүн бири, атайын иш-чарага Новосибирск шаарынан келген Наргиза Ибраимованын айтымында майрамдык салтанат балдар күнүнө карата балдарды төрөп-өстүрүп, түйшүк тартып келаткан жалгыз бой, көп балалуу, майып балдары бар энелерге арналды.

Новосибирск шаарынан келген Наргиза Ибраимова (солдо) жана Москвадан келген Айнагүл Турдалиева
“Майрам энелер жана балдар күнүнө карата уюштурулду. Бул күнү аз да болсо алардын көңүлүн көтөрүп, жакшы маанай тартуулоо үчүн аракеттендик. Кайрымдуулук иштерин жүргүзүүнү максат кылган фонддун курамында алыскы Росссияда, Бишкекте жеке ишкерлик кылган, Нарында, Баетовдо мамлекеттик кызматтарда иштеген жигердүү айымдар бар. Катарыбызга кошулабыз деген айымдарды кош колдоп тосуп алабыз” деди Н.Ибраимова.
Учурда фонд аркылуу кайрымдуулук иштерине көмөктөшкөн айымдар буга чейин эле жеке жаран катары райондун социалдык тармагына демөөрчүлүк кылып колдоп келишкен.
Энелерге жана балдарга арналган иш-чарага акимдин орун басары Каныбек Эсеналиев, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Турат Сабыров жана аксакалдардын атынан Качкын Абышбаев куттуктоо сөз сүйлөштү жана фонддун ишине ийгилик каалашты.
Барчын Мамытбекова