“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада кардарлардын балдарына белектер берилди

3 Июнь 2024 жыл 23:21
Көрүүлөрдүн саны: 71

Ак-Талаа районундагы пробация органы Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата каттоодо турган кардарлардын балдарына өз каражаттарынан чакан белектерди тартуулашты.

Кардарлардын балдарына белектер тапшырылды


Аталган органдын башкысы адиси Мурат Асаналы уулунун айтымында учурда каттоодо турган кардарлардын 15и кылмыш жаза кодекси менен соттолгондор.

Каттоодо тургандар менен дайыма байланышта болушат

“Негизи алардын иш-аракеттери тууралуу дайыма кабардар болуп турабыз. Ошондой эле органдын кызматкерлери, демөөрчүлөрдүн, айдыгер эмес жарандардын жардамы менен ар кандай иш-чраларды өткөру турабыз. Балдардын майрамына карата дагы кардарларыбыздын балдардын куттуктап, оюнчук, таттууларды даярдаганбыз” дейт ал.

Барчын Мамытбекова