“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Бүгүн балмуздактын дүйнөлүк күнү-билчү белеңиз?

10 Июнь 2024 жыл 14:31
Көрүүлөрдүн саны: 282

Балмуздак качан кайда чыкканы тууралуу так маалымат жок. Бирок  1786-жылы 10-июнда Америкада балмуздак сатыла баштаган. Тарыхый китептердеги жазууларга караганда 3миң жыл мурда Кытай, Египет жана Грециянын калкы колдонгон. Кытайда балмуздактын чыгуусуна ачкачылык себеп болгону айтылат. Тамак-аш жок мезгилде ыйлаган балдарын сороотуу үчүн музду беришкен. Бара-бара ага жемиштер кошулуп, таттуу шириндикке айланган.
Ал эми Грецияда балмуздакты ач аскерлерди тойгузуп, чарчаганын басуу үчүн ойлонуп табылганы жазылган. Ал үчүн бийик тоого чыгышып, музду тоголок формага келтиришип, ага бал, сүт жана башка шириндиктерди кошуп, кайра карга көмүп коюшкан. Машыгуу учурунда аскерлер тоону көздөй чуркап, даяр балмуздактарды көмгөн жерден алып жешип, чаңкоолорун кандырышкан.

Балмуздак балдардын, ошондой эле чоңдордун да жакшы көргөн шириндиги. Анын организмге  пайдасы менен бирге  зыяны бар экенин дарыгерлер айтып келишет.

Барчын Мамытбекова