“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаанын 3 айылында селди алдын алуу үчүн канал казылууда

11 Июнь 2024 жыл 15:08
Көрүүлөрдүн саны: 108

Ак-Талаа районунун Байгөнчөк, Жаңы-Тилек жана Ак-Тал айылдарында 2024-жылга селдин кесепеттерин алдын алуу үчүн каналдар казылып жатат.
Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Жыргалбек Шадыбековдун айтымында аталган 3 обьекти сунушталып, коргоочу каналдар казылууда.

Казылып жаткан каналдар


“Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен  Жаңы-Тилек айылынын күн чыгыш тарабындагы коктулардан кыян суулары түшүп турак-жайларга жана айдоо аянттарды каптап кетүү коркунучунан улам 1 800 метр канал казылды. Натыйжада, 52 турак-жай, 1 мектеп, 1 бала бакча, 1 маданият үйү жана бир нече гектар аянт сел суусунан корголду. Ошондой эле, Байгөнчөк айылынын Таластан чөлкөмүнүн күн чыгыш тарабындагы коктулардан түшкөн кыян суулардан улам Байгөнчөк айылын, Нарын — Баетов унаа жолун жана бир нече гектар аянттарды сел каптап келген. Мындан улам, аталган чөлкөмдүн баш жагына 500 метр жана Нарын — Баетов унаа жолунун оң ныптасына 250 метр канал казылды” деди ал.
Мындан тышкары, Ак-Тал айылынын чыгыш тарабындагы Ак-Тал — Сайы кыян суулардан улам ичине кум-шагылы толуп, каналга суу батпай, кыш мезгилинде муз тостоп, натыйжада Ак-Тал айылындагы бир нече турак-жайды сел суулары каптап кетүү коркунучу жаралгандыктан, учурда 1100 метр канал кеңейтилип казылууда. Каналды кеңейтүү иштери аяктаса 25 турак-жай сел сууларынан корголот.

Барчын Мамытбекова