“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ур-токмокко кабылган наристелердин иши боюнча тергөө жүрүүдө

12 Июнь 2024 жыл 19:07
Көрүүлөрдүн саны: 509

Үстүбүздөгү жылдын 5-июнь күнү эртен мененки саат 10.40 та Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун тез жардам бөлүмүнө 2020-жылы туулган Н.Т жана 2021-жылы туулган А.Т аттуу наристелер зордук-зомбулуктун белгилери менен түшкөн. Аларды бөлүмгө Ак-Талаа РИИБүн жана Ак-Талаа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгын кызматкерлери кызматкери алып келишкен.
Нарын ОИИБнын басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда бул факт атайын кызматтардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссиянын рейд жүргүзүп жаткан учурунда Кош-Дөбө айылында аныкталган.
“Аталган айылда мигранттардын балдарын тактоо, камкордукка алынган, асырап алган балдардын жашоо-шартын көзөмөлдөө максатында жургүзүлгөн рейд учурунда аныкталды. 2 кыз таенесинин колунда ички жайлоодо жашап жатышкан. Ата-энеси Бишкек шаарында жашайт. Таенеси учурда жыгылып кетти деп көрсөтмө берип жатат. Бүгүнкү күндө соттук медициналык экспертиза дайындалды. Балдар ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Жыйынтыгын күтүп жатабыз, тергөө жүрүп жатат” деди.
Ал эми дарыгер Майрам Токтомамбет кызы кыздардын денесинде ар кандай көгала тактар болгондугун айтты.

“Кыздарынын биринин таманында, биринин жаагында күйүктүн тактары бар экен. Баш мээси чайкалган, Азыр абалдары жакшы. Апасы жанында болуп жатат” -дейт. Ал эми кыздардын апасы 24 жаштагы Н. кыздарын апасы багып берейин деген үчүн мартта алып келгенин айтты. “Бишкекте жашайбыз. Токтогулга турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүз кеңешип, анан апама алып келгем. Сакайып чыгышса алып кетем” деди.


Ак-Талаа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгын башчысынын орун басары Бакыт Осмонов мигрант үй-бүлөнүн балдарын, жашоо-турмушун көзөмөлдөө, аларга карата зордук-зомбулукту алдын алуу максатында мындай биргелешкен рейд дайыма болуп турарын айтып, ур-токмокко кабылган бир тууган кыздар башкармалыктын дагы көзомөлундө экенин кошумчалады.

Барчын Мамытбекова