“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада донорлор күнү белгиленди

14 Июнь 2024 жыл 18:09
Көрүүлөрдүн саны: 108

Ак-Талаа районунда 14-июнь донорлордун дүйнөлүк күнү белгиленди. Ага райондогу донорлор, ЖДПБнун жетекчилиги жана медицина кызматкерлери катышты. Кан даярдоо бөлүмүнүн эмчи айымы Назира Дөөлөталиева бул күндүн тарыхы тууралуу маалымат берди. Улуу эмчи айым Айгүл Жумашованын маалыматына караганда район боюнча 53 донор бар. Алардын айрымдары активдүү, анда-санда тапшыргандары дагы бар.

“Алынган кан атайын сактоочу баштыктарда 35 күн сакталат. Бул убакыттын ичинде пайдаланбай калсак медициналык калдыктарды зыянсыздандыруучу жайга тапшырылат. Аны плазмага (сары суу) жана R массага бөлүп алабыз. 18 жаштан 50 жашка чейин ден соолугу чың ар бир жаран донор боло алат. Кан тапшырардын алдында 7 түрлүү анализ алабыз. 50 күндө бир кан тапшырып туруу керек болсо, биз 2 айга жакындаганда чакырабыз” дейт.
Ал эми Социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Иса Акматалиев кан басымы жогору болуп, эч дарылоо натыйжа бербегендиктен кан тапшыра баштаганын айтты.

“Былтыр декабрдан баштап кан басымым 16-180 ге чейин көтөрүлүп кетчү болду.  2 ай  дарыландым, жылыш болбоду. Акыры кан тапшыра баштагандан бери жакшымын. Өзүмдү жеңил сезип калдым. 2023-жылдын апрелинен баштап 5-6жолу тапшырдым. Быйыл 4-жолу тапшырып жатам” деди.
Үгүт айылынын тургуну Айнагүл Мурзалиева 1980-жылдан бери кан тапшырып турат. Ден-соолукка пайдалуу,зыяны жок экенин айтты.

«10-классты буткөндөн бери эле тапшырып жүрөм. Ортодо документтерим жоголуп, үзгүлтүк болду. Азыр кан тапшырууга бардык шарттар бар, көрүп турабыз дегендей.  Мурда кичине көзөнөктөн эле колубузду сунуп берчүбүз. Канча өлчөмдө алып жатышканын билчү деле эмеспиз. Милдеттүү түрдө тапшырчу элек» дейт А.Мурзалиева.

Азамат Дүйшөналиев-Ак-Талаа РЖДПБнун директору

Айнагүл Мурзалиева-китепкана кызматкери, донор

Азамат Айтбаев(солдо)-укук коргоо кызматкри, донор

Иш-чарада  сый тамак уюштурулуп,  райондук ЖДПБнун директору Азамат Дүйшөналиев куттуктап, 4 донорго Ардак грамота тапшырды.

Барчын Мамытбекова