Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылындагы”Чыргай” тилкесине тосот коюлду. Анткени жыл сайын жайлоодон түшкөн мал дыйканчылык аянттарын тебелеп-тепсеп, зыянга учуратып, анын кесептинен ич ара наарызычылык жаралып келген.

Бул өрөөндө 150га жакын үлүш жерлер бар

БУУнун БДАПнын алкагында жана айыл өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашты

Айыл башчысы Дастан Иманбековдун айтымында Ак-Тал айылындагы Ак-Чий, Сөгөт, Чат, Өрдөш өрөөндөрүнүн үлүшкө тийген 150 гектарга жакын дыйканчылык аймактарына жайлоодогу малдардын түшүп, зыян келтирүүсүн алдын алуу максатында жасалды.

Тосот тосуу учурунда

“Бул өрөөндөгү аянттарды мал тебелеп, зыян келтирип, мунун кесептетинен өз ара чырдашып, айтор пикир келишпестик болуп турчу. Улам барып көрүп, карап тургудай жакын жер эмес. Көп жылдан бери тосот коюу иши пландалып, эми БУУнун Азык-түлүк программасынын алкагында жасалды. Тактап айтканда аталган уюмдун Өнүктүрүү демилгелери Агенствосунун жана айыл өкмөтүнүн колдоосу менен 250миң 270сомдук жумуш жасалды” деди Д.Иманбеков.

Тосот тосууга айыл тургундары жигердүү катышты
Тосот тосууга айыл тургундары катышып, аларга айыл өкмөтү тарабынан ыразычылык билдирилди.
Барчын Мамытбекова