“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Эл аралык мелдештен жаш балбандар байгелүү кайтышты

20 Июнь 2024 жыл 20:52
Көрүүлөрдүн саны: 74

Учурда Ысык-Көл облусунда КРнын дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен биргеликте“Кыргызстан бермети” деген аталыштагы 8-эл аралык спорттук майрам өтүүдө. Тактап айтканда, 11-июнда башталган майрамдын алкагында спорттун 23 түрү боюнча жаш спортсмендер күч сынашууда.
Аталган фестивалга Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылындагы Турат Рыскелдиев атындагы спорт залдын тарбиялануучулары катышып, 7 балбан байгелүү орундарды жеңип алышты.

Грэпплинг боюнча байгелүү орундарды жеңип алышкан балбандар

Алар спорттун грэпплинг түрү боюнча күч сынашышкан. Жыйынтыгында, 2-орунду:
13 жаштагылар арасында Токталиев Усман (34 кг)
15 жаштагылар арасында Дөөлотов Умар (59кг) камсыз кылышса,
3 орунду:
Айнурбеков Фархат 38 кг (13 жаш)
Ныязбек у Алишер 53 кг (15 жаш)
Дөөлотов Абай 58 кг (17 жаш)
Майрамбек у Адил 63 кг (17 жаш)
Төлөпалды у Бекзат 71 кг (18+) багындырышты.
Ошондой эле кыздар арасында грэпплинг боюнча 58кг салмактагылар арасында Абдрахман кызы Женишгүл 3 орунду жеңип алды. Жаш спортчуларды машыктыруучусу Камчыбек Төлөпалды уулу жетектеп барган.

Мээрим Тентиева