Ак-Талаа районундагы Нуркул Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагында жана 17 айылдык китепканаларда 18-июндан тарта «Китеп деген бир укмуш, камтыйт аалам сырларын» аттуу бир айлык эс алуу лагери уюштурулду. Лагерди уюштуруудагы негизги максат- балдарды китеп окууга кызыктыруу, бош убактыларын пайдалуу өткөрүү, аң- сезимдерин өстүрүү жана улуттук наркты жайылтуу, китепканага окурман тартуу болуп саналат.

Үгүт айылындагы китепкананын кызматкери Айнагүл Мурзалиева лагердеги балдар менен

Лагерден балдар китеп окушат, сүрөт тартышат, ар кандай оюндарды ойношот

Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагынын директору Гулжаз Сулайманованын маалыматына караганда, лагерге 0 жаштан 12-жашка чейинки балдар келип катышса болот. “Эс алуу убагында балдарга куурчак театр, ар кандай мастер класстар көргөзүлөт, улуттук оюндар ойнотулуп, кызыктуу жомоктор окулуп берилет. Лагерде ырдап- бийлеп активдүү катышкан окуучуларга белектер берилет” деди Г.Сулайманова.