“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Улан жана Санташ шамалы тууралуу уламыш…

20 Июнь 2024 жыл 21:25
Көрүүлөрдүн саны: 1739

Шамал-аба массаларынын жылышы, жеңил абанын оор аба менен алмашуусу. Анын жаратылышта пайдасы менен бирге зыяны дагы бар. Пайдасы-өсүмдүктөрдүн чаңдашуусуна жардам берет. Ошондой эле кышында түтүндү айдап кетип, таза абаны пайда кылат. Чоң-чоң шаарларды бийик имараттар шамалды тосуп калат дагы, түтүн абада калкып тура берет. Ал эми зыяны катуу шамал кыйроолорго алып келүүсү ыктымал.


Ш.Бейшеналиев атындагы и.о.м. география мугалими Жыргал Кожоеванын маалыматына таянсак, шамалдын түрлөрү бар, көлдө Улан Батыш жактан келген Улан, чыгыш жактан келген Санташ шамалы.

Жыргал Кожоева география мугалими

“Көл Түндүк, Түштүгүн тоолор менен курчалып, Батыш менен Чыгышы ачык өрөөн. Улан күчтүү катуу толкундуу шамал,ал аба массасын Чыгышты көздөй сүрөт. Ошол себептүү көлдүн чыгышы кургакчыл болот. Ал эми Санташ жаан-чачындын болушуна таасир эткен шамал. Негизинен тоонун батыш жактарында жаан-чачын көп болот. Илгери жел тегримендер да ушул шамалдын күчү менен иштечү. Азыр да Балыкчы шаарынын батышына шамал электр станциясы курулуп жатат го. Шамал энергиясынан алынган электр жарыгы электр энергиясынын альтернативдүү эң ийгиликтүү варианттарынын бири болушу мүмкүн” -дейт Ж.Кожоева.
Бул эки шамал тууралуу эл арасында эки баатыр тууралуу уламыш айтылат.
Улан жана Санташ аттуу эки баатыр болгон экен. Алар ченде жок айдай сулуу бир кызга ашык болушат. Кыз да экөөнү бирдей жактырат. Акыры экөө эрөөлгө чыгышат. Алардын кармашы такыр токтобойт, акыры бири-бирин кылыч менен чаап өлтүрөт да экөө эки тоого айланат (көлдүн түндүгүндөгү күңгөй Ала-Тоо, түштүгүндөгү тескей Ала-Тоо) Кыздын көзүнөн аккан ысык жашы көлгө айланат. Азыркы Ысык-Көлдүн аталышы ошентип пайда болгон имиш.

Барчын Мамытбекова