Ак-Талаа районунда Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебине ЖКтин депутаты Мурадил Сыдыковдун демөөрчүлүгү астында “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү авто унаа тапшырылды.

Байгеге коюлган автоунаа

Автоунаанын ачкычы тапшырылды

Тактап айтканда аталган мектептин бүтүрүүчүсү Рысбек кызы Айым тестирлөөдө район боюнча эң жогорку 216 упай аллган.

Рысбек кызы Айымга ноутбку тапшырылды
Ал эми бүтүрүүчүгө ноутбук, мугалимдерине акчалай сыйлык ыйгарылды.
М.Сыдыковдун айтымында автоунаа жыл сайын мектеп, бүтүрүүчүлөр арасында шык, дем берүү максатында байгеге коюлат.

Мурадил Сыдыков ЖКтин депутаты
“Талыкпаган эмгектин натыйжасында ушундай ийгиликтер жаралып жатат деп ойлойм. Быйыл 8 окуучу 200дөн ашык упай алган экен. Мындай жакшы жыйынтык улана берсин. Ал эми биздин саамалык кийинки жылы дагы уланат. Келечекте мыкты инсан болгула” деди ал.

3 жыл удаа С.Атамбеков мектеби 3 унаа жеңип алган (сүрөт архив)
Белгилей кетсек, акыркы 4 жылдан бери эл өкүлү Мурадил Сыдыков тарабынан райондо ЖРТдан эң жогорку упай алган мектепке автоунаа сыйлык катары ыйгарылып келет. 3 жыл удаа С.Атамбеков орто мектеби жеңип алышкан.
Барчын Мамытбекова