“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада ЖРТ жана олимпиаданын алдынкыларына сыйлык тапшырылды

3 Июль 2024 жыл 13:38
Көрүүлөрдүн саны: 332

Ак-Талаа районунда бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТ жыйынтыгына арналган салтанат өтүп, анда Баетов айыл аймагына караштуу 4 мектепке Баетов айыл өкмөтү тарабынан акчалай сыйлык жана сертификаттарды тапшырды.

Баетов айыл өкмөтүнүн сыйлыгына ээ болгон мектеп директорлору жана окуучулар

Тактап айтканда,
-Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебине (и.о.м) ЖРТдагы жогорку көрсөткүч үчүн 30миң;
-М.Баетов атындагы орто мектебине 25миң;
-Т.Оторов атындагы орто мектебине 20миң сом акчалай сыйлык берилди.

Курманбек Кеңешчороев-Ш.Бейшеналиев а.и.о.м. бүтүрүүчүсү

Ошондой эле Ш.Бейшеналиев а.и.о.м. бүтүрүүчүсү Кеңешчороев Курманбек ЖРТдан 212 упай камсыз кылгандыгы үчүн 10миң сом;

М.Баетов а.о.м.бүтүрүүчүсү Иманбекова Таңсулуу (204 упай) 7миң сом;

Таңсулуу Иманбекова-М.Баетов а.о.м. бүтүрүүчүсү

Айназик Жапаралиева-Т.Оторов а.о.м бүтүрүүчүсү

Айзирек Атапова-Т.Оторов а.о.м.бүтүрүүчүсү

Т.Оторов а.о.м. бүтүрүүчүлөрү Айназик Атапова (202 упай) 5000сом жана Жапаралиева Айзирек (201упай) 3000 сом акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Мындан сырткары, окуучулардын предметтик олимпиадасындагы алдыңкы жетишкендиктер үчүн Ш.Бейшеналиев а.и.о.м   30миң сом жана Э.Карасартов атындагы орто мектеби 20миң сом акчалай сыйлык жана сертификаттар ыйгарылды.

Турат Сабыров-Баетов а.ө.башчысы,  А.Токтогулова Ш.Бейшеналиев а.и.о.м.директору

Баетов а.ө.башчысы Т.Сабыров,  Н.Абылова Э.Карасартов а.о.м.директору

Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Турат Сабыровдун айтымында акчалай сыйлыктар кеңештин депутаттарынын колдоосу менен жергиликтүү бюжеттен бөлүндү. Мындай демилге салт катары жыл сайын колдоого алынып келет.

Барчын Мамытбекова