“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада сел каптаган чөлкөмдү калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

25 Июль 2024 жыл 11:03
Көрүүлөрдүн саны: 93

Ак-Талаа районуна караштуу Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың жана Жерге-Тал айылдарындагы сел жүргөн чөлкөмдөрдү калыбына келтирилүүдө.
Тактап айтканда, Шырдакбектин сайындагы суу түтүктөрүнүн тирөөчтөрү бекемделип, тазалоо иштери жүрүүдө.

Муниципалдык ишкананын жана жеке жактардын техникалары тартылды

Шырдакбектин сайындагы суу түтүгүнүн тирөөчтөрү бекемделди


Аталган айыл аймагынын социалдык башкы адиси Айнура Медетованын маалыматына караганда тазалоо, калыбына келтирүү иштери үчүн бюджеттен каражаттан бөлүнүп, муниципалдык ишкананын жана жеке тургундардын техникалары тартылды.
“Бюджетте өзгөчө кырдаалдар үчүн атайын каражат бар. Ошого 220 литр күйүүчү май сатылып келинди. Табият кырсыктарын алдын алуу үчүн сайдын жээктерин атайын тор менен тосуу (габион сетка) аракеттери көрүлөт. Тордун ичине таш салынып, дамба сыяктуу тосулат. Антпесе сел каптаса кайра эле жээктерди алып кетүү коркунучу жаралат” дейт.


Эске салсак, 23-июлда нөшөрлөп жааган жаандан улам аталган айыл аймактын КАрды-Жарык чөлкөмундө сел жүрүп, 1гектар аянттагы 250 боо таңгакталган чөптү жана 4 гектар айдоо аянтын суу каптаган.

https://youtube.com/shorts/gYgD9wceUkk?si=S2tiQxdKJZNpAUXV
Барчын Мамытбекова