Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы «Ак-Талаа-Баетов» муниципалдык спорт клубу керектүү спорттук инвентарлар менен толукталды. Тактап айтканда, Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан 577400 сом, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 50 миң сом жергиликтүү бөлүнүп, жалпы суммасы 603 миң сомго спорттук инвентарлар алынып келинди. Алынган маалыматка караганда жарыяланган тендерде жеке ишкер Сырым Беделов Сырым жеңип алган.

Алынып келинген спорттук жабдуулар

Спорттук жабдуулар атайын түзүлгөн комиссиянын негизинде аталган муниципалдык спорт клубдун жетекчиси Калыйнур Рысбековго өткөрулүп берилди. Айыл өкмөт башчы Турат Сабыров келечектеги жаш спортсмендерге ийгилик каалады.
«Ак-Талаа-Баетов» спорт клубу облустагы жалгыз муниципалдык спорт клуб. Ал 2022-жылы кайра каттоодон өткөн. Учурда бул спорт клубда жаш спорт ышкыбоздору тарбияланат.
Барчын Мамытбекова