“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

«Манас» эпосу кыргыздын басып өткөн жолу

30 Июль 2024 жыл 15:29
Көрүүлөрдүн саны: 119

Ак-Талаа районундагы Соң-Көл жайлоосунда “Манас, маданият жана туризм” фестивалынын алкагында салт болуп калгандай жаш манасчылардын сынагы өтүп, жобого ылайык 7жаштан 20 жашка чейинки 16 аш талант катышты.


Сынактын калыстар курамында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Атыркүл Сейизова, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын манасчылары Замирбек Баялиев, Тилек Асан уулу, Кыргыз мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов жана райондук маданият үйүнүн директору Гүлжан Турдумамбетова болуп, айтуу техникасына, кыймыл-аракетине, эпосту билүү денгээлдерине жараша баалашты. Сынактын жобомсуна ылайык катышуучулар алгач эпостун өзү билген, андан соң калыстардын талабы боюнча бөлүмдөн айтышты.

Баш байге ээси-Искендер Канатов (Жумгал району)

1-орун Нурдай Калкарбекова (Ак-Талаа району)

2-орун Иса Казыбеков(Ак-Талаа району)

2-орун-Айсанат Эркинбекова (Ат-Башы району)

Жыйынтыгында,

Баш байге Искендер Канатов(Жумгал району) — диплом жана 20миң сомдун
сертификаты;

1-орун Нурдай Калкарбекова (Ак-Талаа району) диплом жана 15 миң сомдун

сертификаты;
2-орун Иса Казыбеков(Ак-Талаа району), Айсанат Эркинбекова (Ат-Башы
району)-диплом жана 10миң сомдун сертификаты;
3-орун Дастан Бексултанов жана Али Дуулатбеков (Ак-Талаа району)-
диплом жана 7000 сомдун сертификатына ээ болушту.
Мындан сырткары 5 катышуучуга диплом жана 3миң сомдун сертификаты тапшырылды.

Барчын Мамытбекова