Ак-Талаа районундагы Соң-Көл жайлоосунда райондук маданият бөлүмү тарабынан мамлекеттик администрациясы менен биргеликте “Манас, маданит жана туризм” фестивалы быйыл 9-ирет өткөрүлдү. Ага жергиликтүү жана башка райондордун бийлик өкүлдөрү, чет элдик меймандар, жергиликтүү тургундар, эл өкүлү М.Сыдыков катышты. Фестивалдын алгачкы бөлүгүндө элибиздин тарыхындагы урунттуу учур театрлаштырылып көрсөтүлдү.




Фестивалдын көрөрмандары



Театрлаштырылган оюн-зоок



Театрлаштырылыган оюн-зооктон бир көрүнүш

Андан соң район акими Ж.Жапаров куттуктап, фестивалдын мааниси-туризмди өнүктүрүү менен бирге кыргыз элинин улут катары баалуулуктарын таанытуу экенин баса белгиледи.

Аким Ж.Жапаров
Ал эми ЖКтин депутаты Мурадил Сыдыков элибиздин маданиятында, тарыхында “Манас” эпосунун орду, кылымдардан бери келаткан каада-салт, урп-адат кийинки урпактарга мурас катары калтыруу керектигин, ал үчүн бүгүнкү муундун алдында чоң милдет бар экенин айтты.

ЖКнын депутаты М.Сыдыков
«Манас жөн гана улуттук баатыр эмес, ал кыргыздын кылымдан-кылымга жашап келаткан тарыхы десек дагы болот. Азыркыга чейин урп-адат, тилин, дилин сактап келгени-элдин биримдиги жана ынтымагы» деди ал.
Фестивалдын кийинки бөлүгү маданият кызматкерлеринин, элдик таланттардын ыр-күүлөрү менен уланып, кыргыздын улуттук каада-салтынын бири-тушоо кесүү жөрөлгөсү болду.

Алиманын тушоосу кесилди


Элдик таланттар өнөр тартуулашты






Улуттук кол өнөрчүлүк жарманкеси

Улуттук тамак-аш жарманкеси

Ыр майрамга удаа кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аштар, жаш сүрөтчүлөр жана жаш манасчылар арасында сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө Грамота жана акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды.

Сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү

Кол өнөрчүлүк сынагынын жеңүүчүлөрү

Улуттук оюндардын жеңүүчүлөрү

Мындан сырткары балбандар күч сынашып, акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Аталган фестивалдын театрлаштырылыган бөлүгүн актер Нуржасын Жумагулов койду.
Барчын Мамытбекова