Ак-Талаа районун Баетов айыл аймагына караштуу «Тынчтык», «Жаш Тилек”, “Жаш Балаты”, “Чолпон”, “Терекке-береке” бала бакчалары жаңы окуу жылына карата видеокөзөмөл орнотулуп, шаймандары (монитор) жана техникалык каражаттар менен камсыздалды.

Коопсуздукту алдын алууга мүмкүнчүлүк

Монитор жана принтер

Орнотулган техникалар толугу менен иштеп жатат

Аталган айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Улан Шерипбек уулунун айтымында ар бир бала бакчага жергиликтүү бюджеттен 50миң сомдон, жалпы 250 миң сом бөлүндү. “Тактап айтканда бала бакчалардын муктаждыгына жараша видеокөзөмөл, видеокөзөмөл үчүн монитор, түстүү принтер ж.б техникалык каражаттар алынып берилди. Бул иш-аракеттер бала бакчадагы наристелердин коопсуздугун алдын алуу үчүн”-деди ал.
Барчын Мамытбекова