Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына 10млн сомго айыл чарба техникалары сатылып алынды.
Баетов айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Мадина Мыдыкееванын айтымында Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5- октябрындагы 591- тескемесине ылайык республикалык бюджеттен Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 10 млн сомго Баетов айылдык кеңешинин чечими менен айыл чарба техникаларын сатып алуу каралган.

Алынып келинген айыл чарба техникалары
“Ага ылайык дөңгөлөктүү экскаватор, эки катарлуу силос жыйноочу комбайн, жүгөрү түптөө жана солдоо учун культиватор сатып алуу үчүн 10 млн 145 мин сомго мамлекеттик сатып алуулар порталына сынак жарыяланган. Жыйынтыгында «Автомаш Радиатор» ЖЧКсы жана «Express Delivery» ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн. Бүгүнкү күндө «Автомаш Радиатор’ ЖЧКсы эки катарлуу силос жыйноочу комбайн жана жүгөрү түптөө, солдоо үчүн культиваторду тийиштүү документтери менен өткөрүп берди” деди ал.
Ал эми дөнгөлөктүү экскаваторду келишимге ылайык 10.10.2024- жылга чейин алып келип берүү жагы белгиленген.
Барчын Мамытбекова