“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кароосуз калган откана социалдык обьект үчүн оңдоодон өткөрүлүүдө

19 Август 2024 жыл 14:12
Көрүүлөрдүн саны: 88

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Кара-Бүргөн айылында мурунку айылдык оорукананын кароосуз калган отканасы социалдык обьект үчүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Откананын ички көрүнүшү

Оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Аталган айылдагы “Жамал-Апа” бала бакчасынын башчысы Калнура Бакасованын маалыматына караганда “Келечек үчүн билим берүү” жана “Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө” долбоорунун алкагында 3 сааттык кыска мөөнөттүү бала бакча үчүн дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 1 млн 951 миң сомго оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Оңдоп-түздөө иштери «Бий-Ордо» жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан аткарылууда.
Эске салсак, буга чейин Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мурунку отканасы демөөрчү тарабынан оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, мектепке кенже класстын окуучулары үчүн спорт зал катары пайдаланууга берилген.

Барчын Мамытбекова