Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынан чыккан балбан Өмүрбек Асан уулун жердештери Салтанат менен тосуп алды.


Белгилүү болгондой, Иордания өлкөсүнүн Амман шаарында 17 жашка чейин уландар арасында өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында ак-талаалык балбан Өмүрбек Асан уулу 60кг салмактагылар арасында күч сынашып, дүйнө чемпиону болууга жетишти.
Өмүрбек 1/8 финалддык беттеште япониялык балбан Итсуки Йонаширону 6:4 эсебинде, чейрек финалда украиналык балбан Иван Зелискону 11:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан. Ал эми жарым финалдык беттештер америкалык балбан Жордин Пол Рэйнини 12:6 эсебинде уткан.


Ал тургай беттеш учурунда бутунан жаракат алган америкалык балбанды килем үстүнөн көтөрүп чыгып, атаандашына сый көрсөткөнү дүйнөлүк күрөш уюмунун баракчасына жүктөлдү. Ошентип, финалдык беттеште азербайжандык балбан Хусейин Исмаиловдун үстүнөн 5:1 эсебинде жеңишке жетип, дүйнө чемпиону болууга жетишкен.
Кечээ, балбан Өмүрбек Асан уулун Жаңы-Талап айылынын жаштары, ата-энеси, бир туугандары жана алгачкы машыктыруучусу Алмаз Кайыпов жана ишкер Марлес Апилов баш болуп «Манас» аэропортунан тосуп алышып, балбандын урматына сый дасторкон жазылып, өзүнө тебетей кийгизилип жана Айфон «iPhone 15 Pro Max» үлгүсүндөгү телефон тартуулашты.


Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынан чыккан балбан Өмүрбек Асан уулун жердештери Салтанат менен тосуп алды.
Белгилүү болгондой, Иордания өлкөсүнүн Амман шаарында 17 жашка чейин уландар арасында өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында ак-талаалык балбан Өмүрбек Асан уулу 60кг салмактагылар арасында күч сынашып, дүйнө чемпиону болууга жетишти.
Барчын Мамытбекова