“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына арналган парад өттү

31 Август 2024 жыл 17:04
Көрүүлөрдүн саны: 91

Бүгүн Ак-Талаа районунда Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, аскердик-экономикалык жүрүш болду. Тактап айтканда райондогу бардык мекемелердин, коомдук уюмдардын катышуусу менен майрамдык парад өттү.

Андан соң майрамдык салтанат “Жеңиш” сейил багында улантылып, район акими Ж.Жапаров тургундарды өлкөбүздүн көз карандысыздык майрамы менен куттуктады.

 


“Эгемендик эчен жылдар бою ата-бабаларыбыздын каны менен келген, алардан мураска калган жана кийинки урпактарга өткөрүп берүүчү аманатыбыз. Ар бир райондун өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүгү болгон сыяктуу Ак-Талаа району дагы Улуу Жибек жолу боюндагы, байыркы тарыхы бар, мурастарга бай, кут берекелүү өзгөчө өрөөн. Канча кылым өтсө да тарыхый окуялар, тоо-ташка, коргон-чептерге мурас болуп изин калтырып, уламышка айланып жашап келет” деди ал. Андан соң майрамдык салтанат маданият кызматкерлеринин майрамдык концерти жана спорттук иш-чаралар менен уланды.
Маалыматтарга караганда майрамдык иш-чара аталган сейил бакта фейерверк менен жыйынтыкталат.

Барчын Мамытбекова